
Baleket.kg — Казакстан сенаты (парламенттин жогорку палатасы) Нурсултан Назарбаевди өмүр бою Коопсуздук кеңешин башкаруу жана Казакстан элинин ассамблеясына төрагалык кылуу укугунан ажыратты.
Маалыматтарга караганда, аталган ыйгарым укуктар учурдагы президент Касым-Жомарт Токаевге өткөн.
Аны менен катар эле сенаторлор ички жана тышкы мамилелер боюнча мамлекеттик демилгелерди Елбасы менен макулдашуу талабын жокко чыгарууну сунуштаган. Мындай норма «Тунгуч президент — Елбасы жөнүндө» конституциялык мыйзамында жазылган.
Мыйзамга өзгөртүү демилгеси төмөнкү палатадагы мажилиске жөнөтүлгөн.
Назарбаев буга чейин жасаган кайрылуусунда «Нур Отан» партиясынын төрагалыгына да Токаев келерин билдирген болчу.
Булак: Baleket.kg