Нарматованын ордуна келген Айдарова сүйүнүп ант берди - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Нарматованын ордуна келген Айдарова сүйүнүп ант берди

Baleket.kg — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен мандат алган депутат Айгүл Айдарова парламентте ант берди.

Жаңы эл өкүлүнө диплом чырынан улам кызматтан куулган Орозайым Нарматованын мандаты тапшырылган.

Айта кетсек, 20-январда БШК Нарматова дипломун мыйзамсыз алган деген жүйө менен ЖК депутаты мандатынан ажыраткан.

УКМКнын текшерүүсүнөн кийин Жалал-Абад мамлекеттик университети ага 2017-жылы берген дипломун артка чакыртып алган.

Айгүл Айдарова 1988-жылы 15-мартта Баткен районунун Самаркандек айылында туулган. Кесиби юрист, 2012-2013-жылдары Токмок РИИБде тергөөчү, андан кийин эки жыл жеке компанияда котормочу болуп иштеген. 2019-жылдан бери Чүй облусунун Аламүдүн райондук милиция бөлүмүндө тергөөчү болуп эмгектенчү.

Депутат бүгүнкү күндөн тартып расмий түрдө кызматка киришти.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x