Нааразычылык акциясы март айына жылдырылды - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Нааразычылык акциясы март айына жылдырылды

Baleket.kg —  Кыргыз элинин каада-салтына, нарк-наасилине, улуттук баалуулуктарына шек келтирип, аны менен гана токтоп калбастан, шариятка такап, бир туугандардын балдарын жана жакынкы, алыскы бир туугандарды үйлөнүүгө чакырык таштап, Кыргыз нарк-наасилине коошпогон, генетикалык бузууларга алып келе турган, абийирсиз кадамдарга барууну пропагандалап, коомчулуктун тынчын бузуп жаткан дин өкүлдөрүнө каршы бир катар журналистер, коомдук активисттер жана кыргыз калкына кайдыгер карабаган жаштар 28-февраль, дүйшөмбү күнү саат 12:00дө Муфтияттын алдына тынчтык митигине чыкмай болушкан. Бирок бүгүн, 27-февраль күнү уюштуруучулар тарабынан белгилүү себептерден улам март айына жылдырылганы кабарланды. Мунун себеби кийинчерээк түшүндүрүлөт.

Кайсы күнү болоору алдын ала маалымат берилмекчи.

Эске сала кетсек, Гүлнур Асанова кыргыз элинин нарк-наасилин тебелеп-тепсеп, улуттук баалуулуктарын басмырлап, араб салтын жана динин пропагандалаган. Аны менен токтоп калбастан, Заманыбыздын залкар манасчысы Дөөлөт Сыдыковго эч себепсиз асылган.

Ал эми зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, аны насыяга берип жатат деп шектелген мурунку муфтий Максат ажы Токтомушев бир туугандардын балдарын баш кошууга болоорун айтып, чакырык таштаган. Анын бул билдирүүсү коомчулукта катуу талкууга алынууда.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x