
Baleket.kg — Кыргызстандык жүк ташуучулар Казакстанга, дегеле ЕАЭБге мүчө-өлкөлөргө экспорттоо үчүн ташылчу товарга карата QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактураны алышы керек. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.
QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактура автотранспорт каражаттарына Казакстандын мамлекеттик киреше комитети тарабынан контролдук-текшерүү иш-чараларын өткөрбөстөн, маршрут боюнча жүрүүгө мүмкүндүк берет. Бирок ал жок болгон учурда багыттоо пунктунда тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлөт.
«Мындай чечим Алматы шаарында өткөн Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынды. Иш-чарага кыргыз тараптан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты», — деп айтылат маалыматта.
Аны менен катар тараптар ЕАЭБ алкагында өз ара соода жүгүртүүдөгү эреже бузууларды азайтууга багытталган кызматташууну күчөтүүнү макулдашышкан.
Булак: Baleket.kg