Мына сага! Көп жесе да толбогон адамдардын сыры ачылды - Baleket.kg
Пайдалуу

Мына сага! Көп жесе да толбогон адамдардын сыры ачылды

Baleket.kg — Адамдын салмагына анын организминдеги зат алмашуусу, курагы, уйкусу, диета, медициналык препараттар жана тукум куучулук таасир этет. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук эндокринология борборунун илимий кызматкери Екатерина Ершовага шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.

Анда дарыгер жогоруда санап өткөн пунктулар боюнча түшүндүрмө берди:

Метаболизм (зат алмашуу). Ал май канчалык көп болсо, ошончолук жай иштейт. Ошол себептүү арык адамдардын зат алмашуусу жакшы иштеп, тамакты туура сиңирет. Мындай учурда киши толбойт;

Уйкуну кандыра уктоо. Организм жаратылыш түзүп берген график менен жашаса, башкача айтканда, өз маалында уктап, жакшы эс алса, тамак сиңирүү системасы ойдогудай иштейт;

Дары-дармектер. Салмакка организмдеги микроорганизмдер дагы таасир этет. Антибиотик же ошол сыяктуу башка препараттарды ичкенде микроорганизмдер курамы өзгөрүп кетиши мүмкүн. Мындайда айрымдар бат толот;

Диета. Өзүн тамак-аш жагынан көп чектеген кишинин организми өзүн-өзү коргоого үйрөнүп алат. Ошол себептүү улам жаңы диета башталган сайын болушунча ага каршылык көрсөтүп, салмакты сактап калууга же көбөйтүүгө аракет кылат. Демек, диета айрым учурда арыктатпай дагы коюшу мүмкүн;

Тукум куучулук. Толук же арык болуу көпчүлүккө ата-энесинен берилет. Бирок кандай болгон күндө дагы адам тамактануусуна жакшылап көңүл буруусу керек. Арыкмын деп ылгабай жей берсе, тышкы факторлор тукум куучулукту жеңип кетиши ыктымал.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x