Мурас-Ордо жана Калыс-Ордо конуштарында 24-февралда таза суу берүү токтойт - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Мурас-Ордо жана Калыс-Ордо конуштарында 24-февралда таза суу берүү токтойт

Baleket.kg —  Баш калаанын Мурас-Ордо жана Калыс-Ордо конуштарында 24-февраль, бейшемби күнү, ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы маалымдады.

Суунун үзгүлтүккө учурашынын себеби, аталган конуштардагы суу кампаларын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу.

Эртең менен саат 9:00дөн кечки 18:00гө чейин таза суу өчүрүлмөкчү. Бул учурда суу жеке турак жай, социалдык объектилердин баарында токтотулат.

Калаа мэриясы тургундарды суу камдап алууга чакырып, жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x