
Baleket.kg — Россиялык «Аэрофлот» компаниясы Москва — Бишкек — Москва каттамын жандантты. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабар берди.
«Аэрофлот» аталган маршрут боюнча эртең менен жана түштөн кийин каттайт.Каттамдар боюнча маалыматты төмөнкү номерлер аркылуу билсе болот: «Манас» — 0 312 693109, «Ош» — 0 322 290101.
«Аэрофлот» компаниясы 8-март күнү бардык эл аралык каттамдарын токтоткон. 14-мартта Кыргызстанга учактар каттай баштаганы айтылган.
Булак: Baleket.kg