Министр: Кыргызстандын экономикасы жанданып келе жатат - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Министр: Кыргызстандын экономикасы жанданып келе жатат

Baleket.kg — Кыргызстандын экономикасы жанданып келе жатканы тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Улуттук статистика комитетинин январь-ноябрь айларына карата алдын ала маалыматы боюнча, ички дүң продукциянын көлөмү 625,8 миллиард сомго жетип, өсүү темпи 2,4 пайыздын тегерегинде болууда.

«Бул экономиканын жандана баштаганынан кабар берет, оң тенденция башталды. Албетте, биз 2019-жылдын деңгээлине жете элекпиз. Бирок экономика акырындап калыбына келүүдө», — деди министр.

Министрдин билдиргенине караганда, өсүүлөр өндүрүш, кызмат көрсөтүү, соода тармактарында болду. Ал эми айыл чарбасы менен курулуш, тескерисинче, артка кетти.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx