
Baleket.kg — Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда жабыла турган 17 жеке менчик медициналык окуу жайдын (медициналык бөлүм же факультеттер) тизмесин берди.
Алар:
1.Бишкек финансы-экономикалык академиясы (АДАМ университети);
2. «Ала-Тоо» эл аралык университети;
3. Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту;
4. Эл аралык медицина жогорку мектеби;
5. Кыргызстан эл аралык университети;
6. «Салымбеков университет» мекемеси;
7. «Авиценна» эл аралык медицина университети;
8. ЕУ эл аралык медицина университети;
9. Эл аралык медицина университети;
10. «Роэль Метрополитен» университети;
11. «АВС» академиясы;
12. Эл аралык медицина жана илим университети;
13. Бишкек эл аралык медицина институту;
14. Илим изилдөө медициналык-санитардык институту;
15. Кыргыз медицина-стоматологиялык институту;
16. Ош эл аралык медицина университети;
17. Эл аралык илим жана бизнес университети.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы 17 жеке менчик медициналык окуу жайды жабууну көздөп жатканын, алар талапка жооп бербей турганын билдирген.
Булак: Baleket.kg