Министр Бейшеналиев 17 медициналык окуу жайды жапмай болду - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Министр Бейшеналиев 17 медициналык окуу жайды жапмай болду

Baleket.kg — Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы 17 жеке менчик медициналык окуу жайды жабууну көздөп жатат.

Ал Sputnik агенттигине берген комментарийинде өлкөдө ак халатчандарды даярдаган үч мамлекеттик окуу жай бар экенин эске салды.

Алар: Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз-Россия Славян университети жана ОшМу. Акыркы экөөндө медициналык факультеттер бар.

«Акчалууларга тиешелүү жеке окуу жайлар иштеп жатат. Алар жоюлуп, студенттери башка окуу жайларга которулат. Орун баарына жетет. 1-сентябрга чейин баардык окуу жайларды оптимизациялап бүтөбүз деп үмүттөнөм», — деди министр.

Министрдин айтымында, учурда Кыргызстанда 21 медициналык окуу жай болсо, төртөө гана талапка жооп берет.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x