Милиция мени коргойт! Көздөн жаш агызган видеону сөзсүз көрүшүңүз керек! - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Милиция мени коргойт! Көздөн жаш агызган видеону сөзсүз көрүшүңүз керек!

Милиция – бул өлкө ичиндеги коопсуздукту камсыздап, элге биринчилерден болуп жардамга кол сунган тартип сакчылары, элдин ишенимдүү тиреги.

Baleket.kg — Нарын облустук ички иштер башкармалыгы милиция кызматынын өзгөчөлүгүн көрсөткөн жана элди мекенчилдикке үндөгөн видеороликти тартышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

“Мен-улуу элдин урпагымын. Мен үчүн элимдин бейкуттугу жана тынчтыгы баарынан кымбат. Мен жашаган мамлекетте, шаарда, айылда жана коомдо уурулукка, зомбулукка, алдамчылыкка жана ар кандай коомдук тартип бузууларга жол жок. Андайга, мен жана мен сыяктуу ар-намысты баарынан бийик койгон кесиптештерим, эч качан жол бербейбиз. Мамлекетибизди жана коомубузду ууру-кескилерден, каракчылардан, алдамчылардан жана улуттун уңгусуна шек келтирген пайдакор жат элементтерден тазалайбыз. Ошондо гана мамлекетибиз гүлдөп, өнүгүп өскөн улуу держава боло алат. Кыргыз эли, мына ушундай улуу мамлекетте жашоого татыктуу.

Биздин балдарыбыз, небере-чөбөрөлөрүбүз жана келечек муундун бакубат турмушу үчүн кажыбастан эмгек кылам”, — деген милиция кызматкеринин тасмасына баа бериңиз.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x