Милиция Кыргызстан боюнча ири рейддерди өткөргөнү жатат - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Милиция Кыргызстан боюнча ири рейддерди өткөргөнү жатат

Baleket.kg —  ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы өлкөнүн бардык аймактарында “Ууру” аталышындагы ири рейддик иш-чараларды өткөрөөрүн министрликтин маалымат кызматы маалымдады.

Буга тартылган ички иштер органдарынын күчтөрү жана каражаты толук эсептелип чыккан.

Рейддин максаты — кылмыштарды алдын алуу, криминогендик абалды жакшыртуу, уурулук жасаган кылмыштуу топторду аныктоо жана бөгөт коюу. Андан тышкары, уурдалган мүлктөрдү сатуу менен алектенгендерди табуу иштери жүргүзүлөт.

Ошондой эле кылмыштуу кол салуудан коргоонун ыкмалары жана жолдору тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы тапшырылган.

Рейд бир нече күнгө созулмакчы.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x