«Мен сени кыз кылам!»: Өз апасы уулунун жыныстык мүчөсүн кесип салган - Baleket.kg
Дүйнөгө дүрбү

«Мен сени кыз кылам!»: Өз апасы уулунун жыныстык мүчөсүн кесип салган

Төрөгөн энеси өз уулун жигиттиктен ажыраткан. Бала 16 жашка чыкканда, ал аны жеке хирургдарга алып барып, ага ашыкча нерсенин баарын кесип салууну талап кылган. Иван Парфенюк өз энеси эркектигинен ажыратып салганын айтып жатып,  көз жашын тыя алган жок.

Baleket.kg — НТВ каналындагы «За гранью» программасынын студиясында Иван Парфенюк төрөлгөндө дарыгерлер анын жынысын көпкө чейин аныктай албагандыктан, аялдын жыныстык органдары да, эркектиктери да өнүкпөгөнүн айтышкан.

Ивандын айтымында, мындай изилдөө ага жети жашында жасалган. Жыйынтык эркек кариотипти көрсөткөн. Бирок апасы ага чейин «кыз» деп документтерге жазып алып, «уул эмес, кыз төрөдүм» деп моюндабай келген.

Ага «Иван» эмес, кыз деп эсептегендиктен «Иванка» деген ысым ыйгарган. Бала кезинде Иван бантик тагынып, кыздардын көйнөктөрүн кийип чоңойгон. Ошондой эле чачын узун өстүрүп, алып жүргөн. Ал куурчактар ​​менен ойноодон таптакыр баш тартып, унааларды, тапанчаларды сураган. Баланын өз атасы аялы менен «Бул кыз эмес, эркек» деп урушканга батынган эмес.

«Апам ар дайым өз оюн таңуулап, каалагандай жасачу. Башында атам ага баш ийчү. Кийин спирт ичимдиктерин ичип, аны сабап баштаган. Алты жашымда алар ажырашып кетишти. Ошондон кийин апам поездде соода кылып калды. Өгөй атама ошол жерден жолугуп, экөө чогуу жашай баштады. Өгөй атам мени уул катары кабыл алды,» — деди Иван Парфенюк.

Өгөй атасы Ивандын уул экенин айтканы менен апасы ага макул болгон эмес. Иван мектепке юбка кийип, узун чачын өрүп барчу. Өгөй атасы үчүнчү классынан тарта ага эркек балдардын кийимин сатып ала баштаган.

Иван 16 жашка чыкканда апасы клиникага алып барып, дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөргөн. Анткен менен Иван анын жыйынтыгы менен тааныша алган эмес. Бул убакта энеси менен өгөй атасы ажырашып кетишкен. Иванды өз энесинен коргой турган эч ким болгон эмес.

«Дарыгерлер мени менен бул маселелер туурасында такыр талкууланган эмес. Алар мени кабинеттен чыгып, сыртта күтүп турушумду айтышып, апам менен гана сүйлөшүп жатышты. Кийин билсем, апама эки жолду сунушташкан: бири кыйыныраак жана кымбатыраак – эркек бала кылуу, экинчиси арзаныраак жана оңой – кыз кылуу. Жыйынтыгында апам экинчисин тандаган.

Операция тууралуу айтып жатып, Иван көз жашын такыр тыя алган жок. Анын айтымында, ал апасынын тандоосу менен эч качан келишчү эмес, дарыгерлердин айынан кийин күзгүдөн өзүн өзү карай албай калган абалга жеткен.

Ивандын өгөй атасы да программанын студиясына келип, ажырашканга чейин өгөй уулун баардык жактан коргоп келгенин, бирок мурунку аялы балдарынын арасынан эркек балдарды көргүсү келбей турганын айткан.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

«Ал азыр жалгыз жашайт, балдары кетип калды, күйөөсү да жок. Эми эч кимге кереги жок… Ал үй-бүлөсүн жоготту», — деди баланын өгөй атасы Александр Парфенюк.

Азыр Ивандын апасы Украинанын Шепетовка шаарында жашап, уулун дагы деле кызым деп эсептейт. Иван апасын алты жылдан ашык көргөн эмес. Ал эми апасы баласынын тандоосун кабыл алууга даяр экенин айтканы менен жолугушуудан баш тарткан. Жигиттин айтымында, ал үчүн апасы жок. Аны көргүсү да, уккусу да жок.

«Ал менен жашоомду талкалады. Бул адамды кантип кечирүүгө мүмкүн?» — деп собол салган көрсөтүүнүн жүрүшүндө Иван.

Учурда Ивандын сүйлөшкөн кызы бар. Экөө чогуу жашашат. Иван сүйлөшкөн кызынын эки баласын тарбиялайт, бирок үйлөнө алышпайт, анткени паспорту боюнча ал аял.

Анткен менен пластикалык хирург Алексей Федоров «Иван менен болгон окуяны артка кайтпай турган чекит катары кароого болбойт» деп ишендирди. Анын айтымында, кайсы бир деңгээлде баштапкы (эркек жыныстуу) калыбына келтирсе болот.

Аны менен катар коомдук ишмер Георгий Погосов документтерди калыбына келтирүүгө жана паспортун алмаштырууга жардам берүүнү убада кылды.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx