Мелис Аспековдун уулу: Чоңойгондо өч алам! - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Мелис Аспековдун уулу: Чоңойгондо өч алам!

Baleket.kg — Кечээ, 23-март күнү түшкү саат 15:30да Биринчи май сотунда активист Мелис Аспековдун акыркы соту болду. Сот аны 7 (жети) жылга эркинен ажыратты.

Ушундан соң анын уулу Аалы Аспеков фейсбук баракчасына билдирүү жазып чыкты.

«— Бизде мыйзамдар иштебейт экен… Мамлекетибизде эң чон кылмышкер менин атам экен. 7 жыл эркинен ажыратышты зөөкүрлөр. Кудайга койдук, чоңойгондо өч алам! Өмүр бою тозокто болгула, айбандар,» — деп жазган Аалы Аспеков.

Айта кетсек, 7 жылга эркинен ажыратылган Мелис Аспеков соттук жараяндагы акыркы сөзүн айтып, күнөөсү далилденбегенин, «саясий негизде иш козголгонун» билдирген.

Сот айыпкерди жабырлануучулардын пайдасына 23 млн. 429 миң сом чыгымды өндүрүп берүүгө милдеттендирди.

Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон.

2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган.

Оболу Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага «Алдамчылык» беренеси да кошулган.

Ал муну “коркутуу аракети” деп баалаган.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Былтыр августта Аспековдун жүрөгүнө «Бикард» менчик клиникасында операция жасалганы кабарланган.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x