Мектеп окуучуларынын бийлиги же 5-8-класстар арасындагы «система» - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Мектеп окуучуларынын бийлиги же 5-8-класстар арасындагы «система»

Baleket.kg — Мектепте рэкетчиликтин орду эмне менен алмашканын № 24 орто мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Лариса Купавцева айтып берди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан жазып чыкты.

Ал бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн «Мектептердеги чатактар: мугалим менен балдарды кантип коргоо керек?» аттуу тегерек столго катышты.

Мугалимдин айтымында, учурда окуучулар башка көйгөйгө кабыла баштады.

«Качандыр бир кезде мектепке рэкетчилик күч алган. Учурда «буллинг» көйгөйү кездешүүдө. Мисалы, кара күчү көбүрөөк, эмоционалдык жактан туруктуураак балдар бар. Ошол эле учурда жакшы окуган, үйүндө эч көйгөй жок, бирок бир аз алсызыраак окуучулар дагы жок эмес.

Күчтүүлөрү келип «Бизде ушундай «лидер» бар. Эгер анын талабына баш ийбесең, аны менен сүйлөшүүгө туура келет» дешет», — деди педагог.

Анын айтымында, жакында эле 5-класстан тарта 8-класска чейин камтыган «системанын» бети ачылган.

«Окуучулар айткандай, 8-класстар жетилерди, жетилер алтыларды, алтылар бештерди кысымга алышат экен. 5-класстын окуучусу 8-класста окуган агасына айтат дагы, ал 6-класстын окуучусуна тиш кайрап келет. Акча талап кылган учур кетти. Бирок мектеп ичинде бийлик пайда болду», — деди Купавцева.

Анын айтымында, мындай учурда көбүнесе ата-энелер туура чечим кабыл алууну билбейт. Тагыраагы, күнөөлүү балдардын ата-энеси аны эч качан мойнуна алгысы келбейт.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx