Марат Берикбаев: Чоң атам жамгырды токтотуп, итти койго айлантчу - Baleket.kg
Интервью

Марат Берикбаев: Чоң атам жамгырды токтотуп, итти койго айлантчу

Baleket.kg — Жыгачка жан киргизген уста Марат Берикбаев убагында Францияда өткөн кыл кыяк жасоо боюнча сынакка жаңы модель ойлоп тапкандыгы үчүн Орто Азия аралык гран-прини жеңип алган. Андан соң, дүйнөлүк чеберлердин тизмесине кирген. Ошондой эле, бир нече сыйлыктарга ээ болгон. Мыкты жыгач уста менен журналист Айбек Нур маектешти.

Аккан арыктан суу агат

www.baleket.kg

— Атам Санташ колхозунда жашап, Эпкин орто мектебинде кол эмгек жана кыргыз тилинен сабак берип, бош убактысында ар кандай жаныбарлардын келбетин жасап, ээр чапчу. Ошол кезде анын колунан чыккан буюмдарды көрүп, мен да өз алдымча ар нерселерди жасап, атама көрсөтүп жүрүп, устачылык ааламына кантип сүңгүп кирип кеткенимди байкабай калдым.

1996-жылы чеберлердин республикалык сынагы болуп калды. Ошондо атам “Катыша бер, сенин алдыңа эч ким чыкпайт!” деп айтты. Айткандай эле сынакка жасаган кыл кыягым  менен катышып, баш байгени жеңип алдым. Андан эл аралык жана дүйнөлүк сынактарга да катыштым. Ушундан соң, кыл кыякты кызыгуу менен жасай баштадым.  Музыкалык сабатым жок болуп туруп, ушундай мукам үндүү аспаптарды жасаганыма укумдан-тукумга өткөн касиет түрткү болсо керек деп ойлойм.

Итти койго айлантып…

www.baleket.kg

— Берикбай чоң атам касыйда окуп, эл дарылаган касиеттүү адам болуптур. Билгендер аны “Кыргызстандагы үч олуя адамдын бири болчу” дешет. Чоң атам эл дарылап, кээде дуба менен жамгырды токтотуп, итти койго айлантып койчу экен.

Бир ирет чоң атамдын жоро-жолдошторунун карындары ачып “Эми Берике, өнөрүңдү бир көргөзчү” деп калышат. Ошондо ал киши ашпозчу өзбекке жүз мантыга мелдешип, бир итти койго айлантат. “Эми кетели” деп жатышканда өзбек койду соймокко бел байлап, даярданып калат. Чоң атам “Бул адал тамак болбойт” деп дубасын жандырып, койду кайра итке айландырып, калыбына келтириптир.

Жалгыз уулу болгондуктан чоң атам  “Мындай өнөрдүн арты жаман болот го…” деп ойлоп,  атама олуялыгын калтырбай, устачылыгын гана бериптир…

Комуз үч жыл кык алдында кургайт…

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
www.baleket.kg

— Азыркы учурда усталар улуттук аспаптарды өрүктөн, алмуруттан, жаңгактан жана карагайдан жасап жүрүшөт. Бирок комузга, кыл кыякка өрүктөн өтөөр жыгач жок. Оңой көрүнгөн менен аспаптын материалын даярдаш дагы өзүнчө машакат. Алгач кыйылган өрүктүн чайырын жуу үчүн агын сууга таштап коюу кажет. Андан соң? аны көлөкө жерде үч жыл жылкынын кыгына көмүп, кургатабыз.

Кыл кыякты, комузду чаап баштаганда алгач  жыгачты орой сомдоп алып, өтө этияттык менен калыпка келтирем. Жараткан берген таланттан  уламбы, айтор, жыгачты көргөнүмдө эле акыл-оюмдагы аспаптын элеси ага барып жайгашат. Ошентип, эки-үч аптада жөнөкөй дөңгөчтөн көздү суктанткан музыкалык аспаптар жаралат.

Тирүү айгырдын кылы, бууранын териси…

www.baleket.kg

— Мурда “Кыл кыякты жасагандар эмнеге аз?” деп өзүмө суроо сала, ойлонуп калаар элем… Көрсө, муну жасоо өтө оор экен. Кыл кыяктын капкагына баардык эле тери жарай бербейт. Ага бууранын моюн териси керек. Моюн тери калың болгондуктан аны дайыма сууда кармап, чиритип ийбей бирде алып чыгып, бирде сууга салып кароо керек. Ага керектелүүчү тери эч качан туздалбайт. Анткени, туз күйгүзүп жиберет.

А аспаптардын кылдары эки асый тирүү айгырдын куйругунан кыркылбай жулунуп алынат. Кылды жулуунун атайын ыкмасы бар. Мага аны ыраматылык Толтой Мураталиев үйрөтүп кеткен. Адамдын бир тал чачы жулунганда кандайдыр бир кубат кетет, ошол сыңары тирүү айгырдын куйругунан жасалган кылдан мыкты үн чыгат.

Сүрөтчүмүн, бирок жыгач менин тамагым…

www.baleket.kg

— Өзүм сүрөтчү болсом да кол өнөрчүлүккө абдан берилип кеттим. Азыр фольклорго кандай музыкалык аспап керек болсо, ошонун баарын жасайм. Музыкалык сабатым жок болсо да, даяр болгондо ойноп көрүп, ички туюмум менен аспап угуучулардын купулуна толооруна ишенем. Буга чейин мүйүз таштан, сөөктөн скульптура, сувенирлерди жасап жүрдүм. Зергерлик, чопо, темир менен да иштедим. Акыры жыгач устачылыкты тандадым. Жыгач кармоо мага күнүмдүк тамак сыңары болуп калды.

Бул өнөрүмдүн арты менен дүйнө жүзүндөгү Орто Азия боюнча мыкты усталардын тизмесине кирдим. Ошондой эле, 2013-жылы Будапеште болуп өткөн Оймо фестивалына Кыргызстандан ардактуу конок болуп барып, алардын китебине чыктым. 2019-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисине ээ болдум. 2020-жылы «BIYIKTIK» эл аралык журналына маек бердим.

Анан да мындан башка көптөгөн сыйлыктарга, наамдарга, сертификаттарга арзыгам. Буйруса, дагы көптөгөн зор эмгектерди жасап, элиме тартуулайын деген аруу максатым бар…

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
1 Комментарий
Мурунку
Жаңы Популярдуу
Баардык комментарийлерди көрүү
Дооронбек
Дооронбек
9 ай артка

Чоң атасы укмуш го, мен ордунда болсом жолбун иттерди койго айлантып Кытайга сатмак экем 🤣🤣🤣🤣

Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

1
0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx