Максат ажы туугандарды үйлөнүүгө чакырык таштоодо - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Максат ажы туугандарды үйлөнүүгө чакырык таштоодо

Кызыктын баары телеграммда:

 https://t.me/baleketkg

Baleket.kg —  Мурунку муфтий Максат ажы Токтомушев бир туугандардын балдарын баш кошууга болоорун айтып, чакырык таштаган. Анын бул билдирүүсү коомчулукта катуу талкууга алынууда.

Анда ал баяндардын биринди берилген суроого жооп узатып жатып, «Курани каримдин аятында иса сүрөөсүн карасаңыздар, баардыгы айтылынат. Керек болсо бир туугандар! Бул төртүнчү атасы эмес, эки бир туугандардын балдары үйлөнүшсө болот. Түшүнүп жатасыңарбы?

Эшмат менен Ташмат бир тууган. Эшматтын кызын Ташматтын уулу алса болот. Бөлөлөр Зайнап менен Фатима экөө бир ата, бир энеден туулган бир тууган. Зайнаптын уулу бар, Фатиманын кызы бар, үйлөнүшсө болот,» — деп айткан.

Бул билдирүүсүнөн кийин интернет колдонуучулар анын жазалануусун талап кылып келе жатышат. Анткен менен тийиштүү органдар ооз ачпай келишет.

Максат ажынын бул пикирин башка дин өкүлдөрү да моюндап, туура эле айткан деген пикирде. Ал эми муфтият азырынча комментарий бере элек.

Эске сала кетсек, буга чейин УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып, мекеменин эсепчисин кармаган. Маалым болгондой, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан түшкөн акчаны жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өз максаттарына жумшаган.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган. Мунун жыйынтыгында ал кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx