Лурова: Башка улуттун өкүлдөрүнө кыргыз тилин үйрөтүүнү күчөтүш керек - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Лурова: Башка улуттун өкүлдөрүнө кыргыз тилин үйрөтүүнү күчөтүш керек

Baleket.kg —  Кыргызстанда азчылыкты түзгөн улуттун өкүлдөрү жашаган аймактардагы мектептерде кыргыз тилин окутууну күчөтүү маселесин Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова көтөрдү.

«Москва районунун Александровка айылында жашаган калктын дээрлик 90 пайызы — дунган улутундагылар. Ушул айылдын эле мисалында айтып кетейин, мектептерде кыргыз тилин окутууну күчөтүш керек болууда. Кыргыз тилин үйрөтүүгө көбүрөөк күч жумшоо зарыл. Негизи эле башка улуттун өкүлдөрү жашаган айылдарда күчөтүү керек», — деди Лурова.

Мындан сырткары, ал бир окуучунун күнүмдүк тамактануусуна бөлүнүп жаткан жети сом жетишсиз экенин айтып, суммасын көбөйтүү керектигин да кошумчалады.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx