Лифттен кыздардын жамбашынан чымчыган аткаминерлер - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Лифттен кыздардын жамбашынан чымчыган аткаминерлер

Baleket.kg — Интернет өнүккөн заманда бешиктен бели чыга элек баладан бери саясатты билет.

Ооба, аткаминер десе эле акчаны чөнтөккө ууштап салып, кымбат ресторандардан тамактанган соң чалкалап жата калып, лифттен жөн кетпей кыздардын жамбашынан чымчый тийишип, мыйзамды уруп ойнобой өзүм билемдикке салган адамды элестетебиз.

«Медалдын эки тарабы бар» демекчи, Кудайдан коркуп, адал ырыскы менен азыктанып, өз ишин так аткарган аткаминерлер деле бар.

Адам болгондон кийин ар бирибизде кандайдыр бир кемчилик болот эмеспи, анын сыңарындай аткаминерлердин деле кем жактары бар да. Кээде пендечиликке салып коёт турбайбызбы.

Андыктан, ким бирөө жөнүндө пикир жазып жатканда, эки өлчөп, бир кесип жазсак. Билип-билбей бирөөнүн күнөөсүн көтөрүп албайлы…

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x