
Baleket.kg — Лейлекте эки күн ичинде үч уурулуктун бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.
Лейлек районунун аймагында 15-16-февраль күндөрү «Ууру» ыкчам иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чарага Лейлек РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү 8 жаран катышып, топторго бөлүнүп иш алып барышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлдү.
Ошондой эле мурда катталып, бети ачылбай калган кылмыштар боюнча ыкчам иш аракеттер уюштурулуп, жыйынтыгында 3 уурулуктун бети ачылды.
Булак: Baleket.kg


