Лейлек районунда “Достук – биздин күчүбүз!” аттуу иш-чара өттү - Baleket.kg
Ысык жаңылык

Лейлек районунда “Достук – биздин күчүбүз!” аттуу иш-чара өттү

Baleket.kg —  Лейлек районунун Андарак айылында Сумбула айыл аймагындагы мектептердин ортосунда “Достук – биздин күчүбүз!” аталышындагы спорттук иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган иш-чара Лейлек РИИБнин жетекчилиги тарабынан демилгеленип, 23-февраль-Мекенди коргоо күнүнө арналды.

Иш-чаранын максаты аймактарда окуган ар улуттун өкүлдөрүн ынтымакка чакыруу жана окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, өлкөнүн туруктуулугу үчүн укук бузууларга жол бербөө.

“Достук – биздин күчүбүз!” аталышындагы иш-чаранын жыйынтыгында жеңген командарларга Лейлек РИИБнин сыйлуу белектери жана дипломдору тапшырылды.

Булак: Baleket.kg

Лейлек районунда болуп өткөн “Достук – биздин күчүбүз!” аттуу иш-чарадагы көз ирмемдер.
Previous
Next

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx