Кыз-жигиттин жүрөгү жерге берилген. Айгүл гүлүнүн тарыхы - Baleket.kg
Тарых барактарындаЫсык жаңылык

Кыз-жигиттин жүрөгү жерге берилген. Айгүл гүлүнүн тарыхы

Baleket.kg — Баткен облусу Республикабыздын башка облустарынан айырмаланып өрүкзардын мекени. Бул өрөөндө өзүнүн татымдуулугу боюнча балдан кем эмес, асыл баалуу түркүн сорттогу өрүктөрдүн даамы менен даңазаланып келет. Ал гана турсун, дүйнөдө сейрек кездешкен Айгул гүлү да ушул дубандын аймагынан орун алган.

Айгүл гүлү туурасында эл арасында кеңири айтылып келген уламышка токтолуп өтүүнү эп көрдүк.

Илгери Баткен дубанында жайгашкан Кара-Булак аймагында бир бай жашап өткөн. Анын ай чырайлуу Айгүл аттуу кызы болуп, өзүнүн наздыгы, сулуулугу, адептүүлүгү жана эмгекчилдиги менен башкалардан айырмаланып турчу. Бул үчүн анын ата-энеси кубанычка бөлөнүп, кызынын багын тилеп жашашкан. Айгүл бой тартып эрезеге жеткенде ай жамалы ачылып, сулуу кызга айланып, элдин назарына түшөт. Ал өзүнүн айылдашы Козулан аттуу баатыр, эмгекчил жигитти сүйүп калат. Эки жаштын ата-энеси балдарынын аяр сезимдерин байкап калышып, билдирбестен той камын көрө башташат. Бирок тилекке каршы «какаганга муштаган» болуп, ошол кезеңде баскынчы душмандар согуш башташат. Душмандар менен болгон катуу кармашта Козулан тарап жеңилет. Баягы баатыр Козулан ошондо да багынып бергиси келбестен, кашык каны калганча салгылашып жатып каза тапкан.

Жолдоштору анын денесин алып келе албай калышып, жүрөгүн гана айылга алып келишет. Бул кайгылуу кабарды уккан Айгүл буркурап-боздоп ыйлаган бойдон дарыянын жээгине келип олтурат. Муун-жүнү бошоп, ички дүйнөсү аңтарылып, дене-бою калтырап чыгат. Ой-санаанын ордосуна түшүп, ашыгы менен ушул дарыянын жээгинен таанышканын эске салат. Анын баатырга болгон аруу махабаты сыздап, катуу запкы тартат. Ордунан акырын туруп, сеңселе араң үйүнө басып барып, курбу кыздарын ээрчитип тоо тарапты беттеп жөнөйт.

Курбулары анын күйүтүн баса албай, ары-бери айланып сооротушат. Көзүнүн жашы токтобогон бийкеч тоого жетип, курбу кыздары менен кош айтышып, көзүнөн аккан ачуу жашын аарчыбастан, өзүн бийик аскадан төмөн карай таштап, жан берет. Аны сактап калууга курбу-кыздары үлгүрүшкөн эмес.

Айгүл кулаган аскадагы бир таштын борчугунан кыздын канына боёлгондой кочкул кызыл, саргыч түстөгү өтө кооз гүл өсүп чыгат. Ошондон соң, жумурай журт ал гүлдү «Айгүл гүлү», кыз боюн таштаган асканы «Айгүл таш», ал эми Айгүл таштын бет маңдайындагы тоону «Козулан тоосу» деп аташып, баатыр жигит Козуландын жүрөгүн кыз менен кошо жерге беришет.

Ооба, мына ошентип тирүүсүндө тагдырдын буйругу насип этпеген бул эки жаштын тилеги тигил дүйнөдө биригип, алардын кан-жанынан “Айгүл гүлү” жаралыптыр.

Азыр Айгүл гүлү өскөн аймакта бир нече үйлөр салынып, “Айгүл таш” деген чакан айыл пайда болгон. Айгүл гүлү жыл сайын Апрель айынын орто ченинде ачылып, май айынын орто ченине чейин гүлдөйт. Башка гүлдөрдөн айырмаланып анын гүлдөө мезгили да 20-25 күндү өзүнө камтыйт. Анан дагы бир айырмачылыгы, боюнун бийиктиги 1—1,5 метрге чейин жетип, тоонун күңгөй эмес, тескей капталында өсөт.

Бир караганда гүлдүн ичинен чоң шүүдүрүм тамчыларды байкоого болот. Жергиликтүү эл ушуну “Сүйүшкөн эки жаштын көз жашы” деп аташат.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Айгүл гүлүнүн бир эки сөңгөгүндө 5-6, айрымдарында 7-8 кадимки коңгуроону элестеткен таажылуу, узун жалбырактуу кочкул кызыл, сары түстөгү гүлдөр орун алып, адамдарды өзүнө тартып турат.

Ырас, Айгүл тоосу корукка алынып, аты аталган гүл Кызыл китепке 1978-жылы кирген. «Айгүл гүлү» Баткен облусунун Кара-Булак кыштагында орун алган.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx