Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Казакстандын жараны кармалды - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Казакстандын жараны кармалды

Baleket.kg — ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзгөн иш-чарасы учурунда чет өлкөлүк жаран бир нече жолу мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү жөнүндө маалымат алышкан.

2022-жылдын 15-март күнү жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан Казакстан Республикасынын жараны 1969-жылы туулган З.Ф. кармалган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Казак жараны З.Ф.нын айтуусунда, ал 2019-жылы Казакстан Республикасындагы компанияларга ири суммадагы акча каражатын карыз болуп калгандыктан жана аны төлөөдөн качуу максатында 2019-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөн.

Алынган маалымат боюнча, жаран З.Ф. Кыргыз Республикасына келгендиги тууралуу маалыматтар жок.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x