
Baleket.kg — Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйында азык-түлүктүн кайсы түрлөрүн Кыргызстандан тышка алып чыгып сатууга тыюу салынганын сөз кылды.
Анын айтымында, мындай чаралар азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында (керектүү көлөм өзүбүздө болушу үчүн) көрүлүп жатат.Өлкөдөн чет мамлекетке ташууга тыюу салынган азыктар:
- өсүмдүк майы;
- кумшекер;
- ун;
- минералдык жер семирткичтер;
- тоют;
- күйүүчү-майлоочу материалдар.
Булак: Baleket.kg