Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда 83 миңге жакын чет элдик студент билим алат - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда 83 миңге жакын чет элдик студент билим алат

Baleket.kg — Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда 83 миңге жакын чет элдик студент билим алат, бул жалпы студенттердин 35 %ын түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 2021/2022-окуу жылына карата берген маалыматында көрсөтүлгөн.

Чет элдик студенттердин басымдуу бөлүгү (59 миң) КМШ өлкөлөрүнүн жарандары. Алардын саны беш жыл аралыгында 7,7 эсеге өскөн. Өзбекстандан келген студенттердин саны 5 жылдын аралыгында 11ден 90 %га чейин көбөйгөн. Ал эми Казакстандан келгендер 43төн 3 %га чейин кыскарган.

Ал эми соңку беш жылдын ичинде алыскы өлкөлөрдөн келип окуп жаткандардын саны 6 миңден 19 миңге жеткен. Бул аралыкта индиялык студенттер 73төн 63 %га чейин азайып, пакистандыктар 6дан 31 %га чейин көбөйгөн.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x