Кыргызстан Йеменди Сауд Аравияга жасаган чабуулу үчүн айыптады - Baleket.kg
Дүйнөгө дүрбүСаясатЫсык жаңылык

Кыргызстан Йеменди Сауд Аравияга жасаган чабуулу үчүн айыптады

Baleket.kg — Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ушул жылдын 23-24-январында Йемен аймагынан Сауд Араб Падышалыгынын Жизан жана Дахран-аль-Жануб шаарларына ракеталык чабуул жасалганына жана анын кесепетинен калк жабыркап, жарандык инфратүзүмгө зыян келгенине тынчсыздануусун билдирди.

Министрлик зомбулуктун күчөшүнө жана аймактагы кырдаалдын туруксуздашуусуна алып келип, калктын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтирген бул аракеттерди жана уланып жаткан чабуулду кескин айыптады.

Министрлик достук мамиледеги Сауд Аравиянын элин жана өкмөтүн колдой турганын билдирип, жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалап өттү.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x