Кыргыз-Кытай чек арасы жабылат - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Кыргыз-Кытай чек арасы жабылат

Baleket.kg — Кытайда Жаз, Жаңы жыл майрамдарын белгилөөгө байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү жайлары маал-маалы менен жабылаарын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

31-январь, 4-февраль, 7-февралда эки бекет тең иштейт. 29-30-январь, 1-3-февраль жана 5-6-февралда жабык болот.

7-февралдан тарта атайын алгоритмдин негизинде Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуучу унааларды өткөрө баштайт.

Кытайда февраль айынын башында Чыгыш жылнаамасы боюнча Жаңы жыл жана Жаз майрамы белгиленет.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x