«Кыргыз көмүр» ишканасы Кара-Кечеге жумушчуларды кабыл алууда. Вакансиялар - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

«Кыргыз көмүр» ишканасы Кара-Кечеге жумушчуларды кабыл алууда. Вакансиялар

Baleket.kg — «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кечедеги филиалы бош орундарга ачык конкурс жарыялады.

Тиешелүү документтерди 18-февраль кечке чейин жөнөтүү керек.

Кызматтар жана керек болуп жаткан жумушчулардын саны:

  • экономист — 1;
  • гидравликалык экскаватордун айдоочусу — 7;
  • 25 тонна жүк жүктөөчү автосамосвалдын айдоочусу — 3;
  • 35 тонна жүк жүктөөчү карьерде иштеген автосамосвалдын айдоочусу — 6;
  • жүк жүктөгүч айдоочусу — 4;
  • автоэлектрик — 1;
  • тоо жумушчусу — 2;
  • медицина кызматкери — 1;
  • ашпозчу — 1;
  • карьердик каз тамандуу экскаватор (ЭКГ) айдоочусунун жардамчысы — 2;
  • бургулоочу шаймандын айдоочусунун жардамчысы — 1.

Ишке керектүү документтер:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган арыз;толтурулган кадрларды эсепке алуу баракчасы;
  • өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • резюме;
  • сүрөт 3х4;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • квалификациялык талаптарга ылайык кесиптик билимин тастыктаган документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча кадрларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
  • күбөлөндүрүлгөн (нотариалдык же иштеген жери боюнча кадрларды башкаруу кызматы тарабынан) эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • өлкө аймагында соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалым кат.

Кошумча маалыматты Кара-Кече филиалынын кадрлар боюнча инспектору Жамал Нуралы кызынан 0702 44 50 32 номери аркылуу алууга болот.

Ал эми жумушчуларга коюлган талаптар менен «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы тараткан билдирүүдөн таанышууга мүмкүн.

Айта кетсекЮ ишкананын Кара-Кече филиалы Нарындын Жумгал районунун Байзак айылында жайгашкан.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x