Кыргыз бийлиги эл эмнеге нааразы экенин иликтемей болду - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Кыргыз бийлиги эл эмнеге нааразы экенин иликтемей болду

Baleket.kg — Министрлер кабинети эл эмнеге нааразы экенин билүү үчүн Кыргызстан боюнча изилдөө жүргүзүүгө белсенүүдө.

Мындай демилге 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген планга киргизилген.

Изилдөө региондордогу социалдык-экономикалык кырдаал, нааразычылыктын конкреттүү себептери, келечекти көрүү, ошондой эле региондордо социалдык ишкердикти ийгиликтүү өнүктүрүүнүн мүмкүн болгон багыттары жөнүндө калктын пикирин аныктоо максатында жүргүзүлөрү жазылган.

Буга Экономика жана коммерция министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жооптуу болуп дайындалган.

Аталган иш-чараларды 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Министрликтер изилдөөнүн тыянактары жана сунуштары менен аналитикалык маалыматты даярдоого тийиш.

Чындыгында элди тууганын, досун, баласын, айтор, тааныштарын маанилүү кызматтарга даярдап келген атка минерлердин жоругу 30 жылдан бери нааразы кылып келет.

Бийликке келген ар бир атка минер «Туугандарым жана жакындарым аралашпайт» деген менен көп өтпөй эле айланасына жыбыратып алышат.

Мындан тышкары, өлкөдө болуп жаткан кымбатчылык, жумушсуздук, айлыктын аздыгы, соттордун адилетсиздиги, кокого жеткен коррупция, Кыргызстандын ички жана тышкы карызы, мыйзамсыз иштер, чиновниктердин жосунсуз жоруктары өңдүү көрүнүштөр айтпасаң деле, иликтебесең деле белгилүү го…

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x