Кыргыз өкмөтү Баткенди өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар сурады - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Кыргыз өкмөтү Баткенди өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар сурады

Baleket.kg — Кыргыз өкмөтү Баткен облусунун экономикасын өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар сурагандыгын Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.

Донорлор менен онлайн-сүйлөшүүгө министр Данияр Амангелдиев, финансы министринин орун басары Руслан Татиков, айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев, президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Баткен, Кадамжай, Исфана шаарларынын мэрлери катышкан.

«Сүйлөшүүлөр 26-27-январь күндөрү өтүп, эки күнгө созулат. Анын жыйынтыгында «Региондук экономикалык өнүгүү — 2″ долбоорун ишке ашыруу үчүн 50 миллион доллар бөлүү тууралуу протоколго кол коюлат», — деп айтылат маалыматта.

Аталган долбоор Баткен облусундагы чакан жана орто ишкерликти илгерилетүүгө, негизги муниципалдык кызматтарды жакшыртууга, айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүү жолу менен региондук экономиканы өнүктүрүүгө багытталган.

Бул каражаттын жардамы менен төмөнкү натыйжаларга жетишүү пландалууда:

Инфраструктураларды жакшыртуу жана Баткен, Исфана, Кадамжай шаарларында жергиликтүү бизнести колдоо жана калктын жашоо шартын жеңилдетүү;

Ишкерлик менен алектенүүнүн потенциалын жакшыртуу, бизнес-идеялар үчүн кошумча финансылык колдоо көрсөтүү;

Фермерлердин жана айылдык өндүрүштүн санын көбөйтүү;

Чакан гранттык программа аркылуу жумушчу орундарынын санын арттыруу.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Мында каражаттын канчасы кредит жана грант катары берилери жазылган эмес. Айта кетсек, ушул эле долбоордун биринчи этабында Ош облусунун экономикасы үчүн Дүйнөлүк банк 2020-жылы 60 миллион доллар бөлгөн. Анын жарымы кредит, жарымы грант болчу.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x