Кырчындай 47 жаш курагында кыйылган өмүр - Baleket.kg
Тарых барактарында

Кырчындай 47 жаш курагында кыйылган өмүр

Baleket.kg — Кыргыз элинин туңгуч балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева элибиздин муундан-муунга түбөлүктүү чыгармалары боюнча жүрөк кылдарын титиреткен ролдорду жаратып кетти.

Кудум эле ак куу сымал сахнанын көркүн ачкан Бүбүсара искусство чөйрөсүнүн адамы болгон композитор Акмат Аманбаевге турмушка чыгып, 1946-жылы Эрмек аттуу уулду болгон соң, ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам, экөө эки айрым жолго түшүшкөн. Кийин тагдырынын тай күлүк ташы чыгармачылыктан алыс адамдын жубайы болууга алып келет. Анткен менен ал адам менен балеринанын жашоосу узакка созулбады. Ошондон соң, атактуу балерина бүтүндөй өмүрүн биротоло кыргыз искусствосуно арнаган.

Кыргыздын таланттуу жаштарына жол көрсөткөн улуу балерина оорунун азабынан улам, 1973-жылы 47 жаш курагында жарыктык менен кош айтышкан.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx