Кулова: Алтынай Арстанбекова, кызыңыздын атасы ким? - Baleket.kg
КоомШоу-бизнесЫсык жаңылык

Кулова: Алтынай Арстанбекова, кызыңыздын атасы ким?

Baleket.kg — Журналист Баяна Кулова кесиптеши Алтынай Арстанбековага курбусу Гүлнур Асанова үчүн өзүнүн интернет баракчасы аркылуу жооп кайтарды.

«- Алтынай эже, деги кандай немесиз?!! Бирөөнүн жеке жашоосуна башыңызды салган акмак болдуңуз го бир. Гүлнурдун атасы бир сопсонун эле киши, көчө-мөчөсү жок эле жашайт…

Курбума асылып пайда таппайсыз. Айтпайын десе айттырасыз кишини, өзүңүз бир таштанды кызды багып жүрөсүз. Гүлнурдун го атасы чоңоюп калганда кетиптир, сиздики боюңузда болтуруп туруп, басып келбей койгон. Муну көп жерде өзүңүз айтып жүрөсүз. Дагы ал атасы экенин да мойнуна албай, фамилиясын бербей коюптур менден эмес деп…

Кудайга шүгүр, Гүлнурдун сонун эле фамилия, отчествосу бар. Атасы барын мойнуна алып, катташат. Сизге кайрылган аферист ал. Өз атасы Акылбек байке сиздейлерге жардам берсе керек, сурабай эле. Ошондо кызыңыздын атасы ким?

Алды-артыңызды карап, бирөөгө сын тагаарда өзүңүздүн тагдырга дагы бир кылчайып койсоңуз. Мага кайрылган деп тагдыр чечкен киши болбой… Кайрылса эмне жардам кылдыңыз экен? Үй алып бердиңизби? Өзүңүздөй бирөөгө догрунуп, көнүп калган неме менен издешпей табышкан экенсиңер да.

Токтогулдук жердештеримди алдап, эмне деп келгениңизди угуп жүрөм. Телтектей берсеңиз тизмелеп берем элге. Жөн жүрүңүз, жөн!» — деп жазган.

Эми эки кесиптеш Гүлнур Асанованын ойлонбой оттоп сүйлөгөн сөзү үчүн чабышышабы? «Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө» деген бабалардын улуу насаатын бир эске алып, ыдырай бербей, ынтымакка келсек.

Эске сала кетсек, буга чейин көз карандысыз эркин журналист Алтынай Арстанбекова Гүлнур Асанова атасын карабай кеткени туурасында жазып чыккан.

Гүлнур Асанова кыргыз элинин нарк-наасилин тебелеп-тепсеп, улуттук баалуулуктарын басмырлап, араб салтын жана динин пропагандалаган. Аны менен токтоп калбастан, Заманыбыздын залкар манасчысы Дөөлөт Сыдыковго эч себепсиз асылган.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Бул дагы аздык кылганбы, айтор, мурунку муфтий Максат ажы Токтомушевдин бир туугандардын жана жакынкы-алыскы туугандардын үйлөнүүсүн колдоорун билдирип, араб элинин салтын жайылтууда.

Айта кетсек, Гүлнур Асанованын үстүнөн арыз жазууга кол топтолуп жатканын Назар news сайтынын редактору Гүлжан Керимовна билдирген.

Кыргыз элинин каада-салтына, нарк-наасилине, улуттук баалуулуктарына шек келтирип, аны менен гана токтоп калбастан, шариятка такап, бир туугандардын балдарын жана жакынкы, алыскы бир туугандарды үйлөнүүгө чакырык таштап, Кыргыз нарк-наасилине коошпогон, гинетикалык бузууларга алып келе турган, абийирсиз кадамдарга барууну пропагандалап, коомчулуктун тынчын бузуп жаткан дин өкүлдөрүнө каршы бир катар журналистер, коомдук активисттер жана кыргыз калкына кайдыгер карабаган жаштар 28-февраль, дүйшөмбү күнү саат 12:00дө Муфтияттын алдына тынчтык митигине чыкмай болушту.

Булак: Baleket.kg

Эскертүү: Baleket.kg маалымат порталынын макалаларын жарым жартылай же толук түрдө колдонууда шилтеме берилүүсү шарт. Баардык укуктар коргоого алынган.

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx