КТРК «улуттук» болуп өзгөрүп, Байкоочу кеңеши жоюлат - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

КТРК «улуттук» болуп өзгөрүп, Байкоочу кеңеши жоюлат

Baleket.kg — Министрлер кабинети КТРКны башкаруу маселелерин жөнгө салуу тууралуу жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Аталган документти министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бекитип, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн.

Сунушталган мыйзамга ылайык, Коомдук телерадио берүү корпорациясынын (КТРК) макамы өзгөрүп «Улуттук телерадио берүү корпорациясы» деп аталмакчы. Аны менен кошо Байкоочу кеңеши жоюлуп, телеканалдын башкы директору президент тарабынан дайындалат.

Баса белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча Байкоочу кеңеш КТРКнын эң жогорку органы болуп саналат. Анын курамы 15 адамдан түзүлүп, парламент тарабынан шайланат. Ал эми кеңештин мүчөлөрү телеканалдын башкы директорун кызматка бекитет.

Телеканал 2011-жылы «коомдук» макамын алган болчу. Ага чейин «улуттук» жана «мамлекеттик» статусунда иштеп келген.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx