Коррупцияга шектелген Кадыркулов баары бир элчи болду - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Коррупцияга шектелген Кадыркулов баары бир элчи болду

Baleket.kg — Президент Садыр Жапаров Идрис Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы элчиси кылып дайындап, чырга чекит койду.

Тиешелүү жарлыкка президент бүгүн кол койгон.

Айта кетсек, Идрис Кадыркулов 2019-жылдын май айында биометрикалык паспорттор боюнча жаңжалга байланыштуу УКМКнын жетекчиси кызматынан аргасыз кеткен.

Кадыркулов Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова менен бейрасмий жолугуп, паспортторду жогорку коопсуздук менен даярдоо үчүн өз компаниясын сунуштаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул келишимди «коррупциялык» деп эсептеп, кылмыш ишин козгогон болчу.

24-январь күнү Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматына жактырбай, четке каккан.

Кадыркуловду депутаттарга тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев тааныштырып, Украина тараптан Кадыркуловдун кызматка барышына макулдук берген агреман келгенин билдирген эле.

Комитеттин жыйынында депутат Айбек Осмонов «Элчилик кызматка артынан жаман сөз ээрчибеген, таза, жаш кадрлар жок беле?» — деп собол салган. Анда Ниязалиев талапкерлиги каралып жатканда, укук коргоо органдары тарабынан текшерилгенин айткан.

Ал эми Ырысбек Атажанов анын мурдагы эмгек жолундагы мүчүлүштүктөрүн атап, жакшы эле кесиптештерин анын талапкерлигин колдобоого чакырган.

«Сиз УКМКны жетектеп турганда азыркы президент Садыр Жапаров түрмөдө отурган. Аны колдогон адамдарды аябай катуу кысымга алгансыз. Азыр сиздин элчи болуп иштегенге моралдык укугуңуз барбы?» — деп суроо узаткан Атажанов.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Анда Кадыркулов бул субъективдүү пикир экенин билдирип, эч кимди кысымга албай, мыйзам чегинде иштеп кеткенин айтып, актанып өткөн болчу. Элчи болуу кыялынан ажыраган Кадыркулов, президент Садыр Жапаровдун тилин кантип тапты экен? А болбосо, анын артында кайсы саясий күч турат?

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x