Койчу ай! Дагы бир мугалим менен окуучунун видеосу тарады - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Койчу ай! Дагы бир мугалим менен окуучунун видеосу тарады

Baleket.kg — Интернет айдыңында дагы бир окуучу менен мугалимдин кайым айтышкан видеосу тарады.

Анда мугалим окуучуга сөөмөй кесеп сүйлөп жатканын, а калган окуучулар ызы-чуу болгонун көрүүгө болот.

Мугалимдин түшүндүрүүсүнөн кийин, окуучулардын бири «Койчу ай» деп кыйкырып, мугалимин какшыктаган.

Ата-энелер балдарын канатына калкалаган сайын, тамга таанытып, адам кылып тарбиялап жаткан мугалимдерди өз окуучулары тебелеп-тепсеп, каяша сүйлөп басынта берип, алардын кадырын күүп салгандай. Минтип олтурсак келечек муундарыбыз кайда барат? Кеч болуп кала элегинде, эсибиз барда, этегибизди жыйсакчы?!!

Эске сала кетсек, буга чейин да мугалим менен окуучунун урушкан видеосу тарап, жыйынтыгында жумушсуз калган. Белгилүү болгондой, окуучу мугалимди сөккөн.

Көп өтпөй, ишсиз калган мугалимдин жүрөгү кармап, ооруканага түшүп калган.

Мугалимдердин укугун жогорулатпасак, окуучуларынын алдында такыр тепселип, аларга басынып кала береби? Сиз ушуну каалайт белеңиз?

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx