Кочкордо Турдакун Усубалиевдин эстелигинин ачылышы өтүүдө - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Кочкордо Турдакун Усубалиевдин эстелигинин ачылышы өтүүдө

Baleket.kg — Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелиги Нарын облусуна караштуу Кочкор районуна тургузулду.

Эстеликтин ачылыш аземине өлкө башчы Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, Усубалиевдин жакындары, жергиликтүү эл жана журналистер катышып жатышат.

Эске сала кетсек, буга чейин анын «Ала-Арча» көрүстөнүндөгү бейитине да эстелик тургузулган.

Турдакун Усубалиев 70 жыл бою мамлекеттик жана партиялык чоң кызматтарды аркалаган. Совет доорунда чейрек кылым Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп иштеп, республиканы башкарган.

Ал 95 жаш курагында дүйнө салган.

© Нуриза Молдошева.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx