Камчыбек Ташиев: Болот Темировдун иликтөөсү карандай калп - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Камчыбек Ташиев: Болот Темировдун иликтөөсү карандай калп

Baleket.kg — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп, иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Төрага Болот Темировдун сайтындагы иликтөөлөрдө жазылгандардын баары калп экенин айтууда.

«Мен эч качан бирөөнүн, өзгөчө мамлекеттин мүлкүн жеген эмесмин. Анын иликтөөсүндөгү айтылгандардын баары карандай калп. Ал чет элдик гранттарды алып, бийликти коомго жаман көрсөтүүгө аракет кылууда. Бизде маалыматтар бар. Айткандарынын 90 пайызы калп», — деди Ташиев.

Ошондой эле ал кантип жана эмне себептен кармалгандыгы тууралуу маалымат берди.

«Болот Темировдун кеңсесинде наркотикалык заттар таратылууда деп арыз жазылган. Анын жанындагылар кармалып, канында баңгизат бар экени аныкталды. Жакшы жери журналист Болот Темировдун канында эч кандай мыйзамсыз заттар табылган жок. Бул анын жазасын жеңилдетет. Бүгүн алардын баш коргоо чарасы каралат. Аны камактан чыгарып коюп деле тергөө жүргүзө берсе болот дегенди айткым келет», — деди УКМКнын төрагасы.

Мындан тышкары, Темировдун кеңсесиндеги компьютерлер алынып, текшерилип жатканын, жакында кайра кайтарыларын кошумчалады.

Кечээ, 22-январда, Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесине милиция кызматкерлери келип кармап кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, журналист баңгизатын сактоого шектелип жаткан.

Эске сала кетсек, Temirov LIVE YouTube каналы «Эки күндө 37 миллион сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөө жарыялаган. Учурда бул иликтөө коомчулукта катуу талкууга алынууда.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x