Кадамжайда 87 атуулга протокол толтурулду - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Кадамжайда 87 атуулга протокол толтурулду

Baleket.kg —  Кадамжайда «Режим» иш-чарасы өткөрүлүп, 87 атуулга протокол толтурулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Кадамжай районунун аймагында 2022-жылдын 16-17-февраль күндөрү «Режим» иш-чарасы өткөрүлүп, район аймагында жайгашкан Халмион, Торговый, Кадамжай базарлары жана аны менен катар Айдаркен, Кадамжай автобекеттери текшерилди.

Мындан сырткары, көп кабаттуу үйлөр, алардын жер төлөлөрү, чатырлары көзөмөлдөн өткөрүлдү.

Район аймагындагы 1598 атуулду камтыган 578 кожолук үй текшерилип, аларга үй мүлктөрүн, мал-жандыктарын сак кароого, үй-бүлөлүк зомбулуктарды болтурбоого эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында коомдук жайларда спирт ичимдигин ичип жүргөн-4, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жасаган-1, автоунаасын мас абалында башкарган-3, жол эрежесин бузуп автоунаа башкарган-79 атуул аныкталып, аларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.

Айта кетсек, бул иш-чаранын максаты коомдук коопсуздукту сактоо болуп саналат.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x