
Baleket.kg — Фейсбук тармагынын активдүү колдонуучусу Таттуу Исакова президент Садыр Жапаровдун «сөөк чыккан үйдө мал союлбасын» деген жарлыгына каршы комментарий берди. Учурда анын билдирүүсү катуу талкууга алынып, колдоого арзууда. Эмесе, эч өзгөртүүсүз беребиз:
«— Адам өлгөн соң, «Аласаңар болсо, менден алгыла,» — деп сөөк ээси элге кайрылып келген. Бирок, кыргызда доолаган эмес. Тек гана «Кудайдан кайтсын» деп коюшкан.
Ар бир адамдын жыйган байлыгында, мүлкүндө элдин акысы бар. Жок эле дегенде, көз акысы бар. Ошол элдин акысынан кутулсун деп мал союлган.
Үчүлүк, жетилик, кыркылык, аш берүүдө да мал союлуп, маркумдун ыраазычылыгына багышталган.
Анан кыйын кыргыз эч качан куда сөөк, жек жаатын ачка жаткырган эмес… Сыйлоо жагынан кыргыз элине эч бир улут тең келе албайт.
Малды мууздап союп, жиликтеп устукан тарткан да бир гана кыргыз-казакка тиешелүү.
Эл сойсо өзүнүн малын союп жатат, мамлекет союп берген жок. Ачка отурган эч ким жок азыркы заманда, эт жегени эч ким келбейт.
Маркумду акыркы сапарга узатууга эң жакындары келет.
Тирүүсүндө сыйда жүргөнү үчүн акыркы сапарга узатууга да кыйбастары, сыйлаган жакындары болот. Болбосо, тааныбаган эле бирөөгө эч ким барбайт да.
Өлүктүн өз зыйнаты менен койгон кыргызымдын салтын чанбайлы! — деп жазган.
Булак: Baleket.kg
Союлбасын! Мен колдойм президенттин жарлыгын. Маркумду козу барда сыйлайлы, козу откондон кийин катар- катар мал союп, катар- катар казан ас, эч кандай ыраазы кыла албайсын! Ал жерде той болгон жок, аза кутуп жатат, келген жакындары чай менен нан жесе да , куран окутуп кете берет. Президент элди ойлоп жатат, колдош керек, кыргыз ошондой аш- тойлор деп журуп карызга батып, онуго албай журот. Токтотуш керек керексиз ысырапкоорчулукту, маркумдун арбагы ыраазы болсун десенер фитир садака бергиле, курмандыка мал союп, жетим- жесирлердин бата -дуасын алгыла!!! Таттыбу мен силердин оюнарды колдобойм.азыр копчулу президенттин жарлыгын туура деп кабыл алууда!!!
Аш-тойлордо керексиз ысырапкорчулуктун кереги жок, той деген той балким колунда бары жасай берет, озунун чонтогуно жараша, а бирок аза кутуп жаткан жерде эч кандай мал союлбашы керек! Президенттин жарлыгын колдоймун, эн туура чечим
Мал союлушу керек. Кыргыздын салты бузулбасын