ИИМдин Республикалык окуу борборунда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери лекция окушту - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

ИИМдин Республикалык окуу борборунда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери лекция окушту

Baleket.kg — Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2022–жылдын 16-февраль күнү ИИМдин РОБдун жалпы укуктук тармактар циклынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда кайгуул-күзөт кызматы багыты боюнча билим алып жаткан 1-3-4-окуу взводдорунун талапкерлерине «Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугу» темасында конок лекциясы уюштурулду.

Бул өткөрүлгөн конок лекциясында адам укуктарынын тарых таржымалы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын ролу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын түзүмү тууралуу маалыматтар кенен берилип, кайгуул-күзөт кызматы, багыты боюнча талапкерлер менен маек курулду.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx