ИИМ: “Зордук — зомбулуксуз жашоо” деген ураан менен концерт өткөрүлдү - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

ИИМ: “Зордук — зомбулуксуз жашоо” деген ураан менен концерт өткөрүлдү

Baleket.kg — Бишкек шаарында Saferworld жана «Эл аралык толеранттулук үчүн» фондунун долбоорунун алкагында АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын ИИМ менен биргеликте “HipTop” бий комплекси уюштурган “Зордук — зомбулуксуз жашоо” деген ураан менен концерт болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Катышуучулар атайын коюлган “Зомбулукту токтотуу” номерин аткарышты. Бийдин жардамы менен үч миниатюрадан үй-бүлөдө жана мектепте зомбулуктун түрлөрүн көрсөтүштү. Бул демилгеге Бишкектин ири бий студиялары да өз сөздөрү менен кошулду.

Уюштуруучулардын негизги максаты үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйлөрү жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу. Чыр-чатактарга жана зордук-зомбулукка алып келген эркектикти же аялдыкты көрсөтүү максатында жаштарга карата мамилелерге, терс стереотиптерге, бейкалыс пикирлерге жана кысымдарга каршы туруу болуп саналат.

Уюштуруучулар өз демилгеси менен милиция менен калктын ортосундагы социалдык өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө жана зомбулук көйгөйүн чечүү үчүн жүргүзүлүп жаткан алдын алуу иш-чараларга салым кошууда.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx