ИИМ Баткен элине ата-эне менен баланын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрдү - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

ИИМ Баткен элине ата-эне менен баланын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрдү

Baleket.kg — Баткен облусуна болгон иш-сапардын алкагында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Баткен районундагы мамлекеттик чек арага чектеш айылдарында жайгашкан мектептерде ата-энелер жана окуучулар менен жолугушканын Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Бул жолугушуунун негизги максаты үй-бүлөлүк зомбулукту, мектептерде топтошуп окучуулардын мушташууларын, рекетчиликти алдын алуу.

Ошондой эле кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу үчүн балдардын укугу менен милдеттери тууралуу маек курулуп, Интернет тармагындагы оюндардын, фильмдердин терс таасирлери, ата-энелер менен балдардын ортосундагы мамилелер жөнүндө кеңештер айтылып, берилген суроолорго жооптор берилди.

Чек арага чектешкен айылдардагы жергиликтүү тургундар менен дагы жолугушуу уюштурулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үйлөрүнө барып, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери өздөрүнүн каражаттарына алып келишкен азык-түлүк салынган баштыктарды тапшырышты.

Бул үй-бүлөлөр мындан кийин дагы милиция кызматкерлери тарабынан жардам берүү максатында көзөмөлдө болоору айтылды. Мында элдин көйгөйлөрү дагы угулуп, милиция кызматкерлери өз көзөмөлүнө алды.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x