Г.Асанова Baleket.kg’ге комментарий берип, Маймашовду кечирбегенин айтты - Baleket.kg
Шоу-бизнесЫсык жаңылык

Г.Асанова Baleket.kg’ге комментарий берип, Маймашовду кечирбегенин айтты

Baleket.kg маалымат порталына чыккан ар бир жаңы жаңылыктан дароо кабардар болуп, ысыгында окуу үчүн төмөнкү шилтемени басып, телеграмм каналга катталыңыз:

https://t.me/baleketkg

Baleket.kg — Киноактриса Гүлнур Асанова Baleket.kg маалымат порталына жарыяланган «Атам эл катары фондго кайрылса, жардам көрсөтөбүз« деген макалага комментарий берди. Эмесе, өзгөртүүсүз беребиз!

“- Балакетимди ал!» — деп кыргызда бекер айтылбаптыр да! “Атам” деп эч качан айткан эмесмин ай! Мынча жалганчы сайт бул тообо! Дагы кайталайм, канынан жаралган атамдын жашоосу жакшы, жардамга муктаж эмес!

Ал эми сайт жазып чыккан инсанды мен Кудайдын астында да айтайынчы, деги жашоодо “ата” деген эмесмин. Бул сайт “АТА” дедиртип коюптур го! (Ред.: Өгөй атасы болсо да, эл үчүн атасы болот эмеспи)

Жашоомдо “Привет папа”- деп эки жыл мурун атам Акылбек Эргешовичке чалгам. Ага чейин эч кимди ата дебепмин. Андан кийин кезигип, үч саат сүйлөшкөм. Мага ошол үч саат жетти, керемет сүйлөшкөнбүз. Ошондо атасыз өскөнүмдү унутуп койгом…

Урматтуу “атам» эмес, мен үчүн «жөн гана инсан» Темир Маймашов, сизди мага улам «атаң» деп жабыштырып бүтө албай жатышат. Мен сизди мектепти бүтүп, шаарда 1-курсту бүткөндөн бери көрө элекмин. Ошондо 14 жылдан ашыптыр.

Эмнени сүйлөшмөк элек? Же контрагымды төлөшүп, же бир материалдык эмес, жөн гана жылуу сөз айта албасаңыз, жоолукканга моралдык укукка ээ эместигиңизди жакшы билесиз (Ал окуяны коомго айткым келбейт!). Мен сизди кечире элекмин!

Сиздин азыркы үй-бүлөңүзгө кайтканга чейин, эки үй-бүлө алмаштырганыңызды эл билбегени үчүн балким мени жардам берээр деп жаткандыр… Мейли, мен жардам кылайын, эгер чындап муктаж болуп турсаңыз. Учурдагы телефон номериңиз менде жок экен, мен негиздеген “Ак Багыт” коомдук фонду жок эле өзүмдүн атымдан берейинчи! Жазыңыз мага!

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Дагы эскерте кетейин: Менин атамдын аты Асанов Акылбек Эргешович! Жашоосу жакшы, жардамга муктаж эмес! Ушул теманы кайталап жаза бербеңиздер эми. Чаташтырып жаза бергениңер, чынында өзүмдүн атама катуу тийиши мүмкүн. Түшүнүктүү эле болду окшойт, — деп баракчасы аркылуу Baleket.kg маалымат порталына жооп берген.

Айта кетсек, Baleket.kg маалымат порталы элге түшүнүктүү болуусу үчүн, «Эл катары фондго кайрылса, жардам көрсөтөбүз» деген сөзүнүн башына «Атам» сөзүн кошкон. Жаманбы, жакшыбы, өгөй атасы болсо да анын «атасы» болоорун Г.Асанова жакшы түшүнөт деген ойдобуз!

Булак: Baleket.kg

Эскертүү: Baleket.kg маалымат порталынын макалаларын жарым жартылай же толук түрдө колдонууда шилтеме берилүүсү шарт. Баардык укуктар коргоого алынган.

Окуңуз:

1: Айбек: Кааласа арабтарга окшоп, төөнүн заарасын колдоно берсин!

2: Гүлнур Асанованын үстүнөн арыз жазууга кол топтолууда

3: Дөөлөт Сыдыков: Мага асылгыдай сага эмне кылдым?

4: Арстанбекова: Гүлнур атасын таштап, карабай койгон

5: Асанова: Абдан жакты, шариятка туура келбеген үрп-адаттан алыс болдук

6: Кулова: Алтынай Арстанбекова, кызыңыздын атасы ким?

7: Асанова: Атам эл катары фондго кайрылса, жардам көрсөтөбүз

8: Алтынай Арстанбекова агынан жарылып, эки курбуга жооп кайтарды

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x