Эми жылыш болобу? Нарын шаарынын жаңы мэри ишке киришти - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Эми жылыш болобу? Нарын шаарынын жаңы мэри ишке киришти

Baleket.kg —  Нарын шаарынын мэри болуп дайындалган Канболот Тутуев кызматына киришти. Бул тууралуу аталган калаанын администрациясынан билдирди.

Бүгүн, 21-февралда, президенттин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев жаңы дайындалган Тутуевди шаардын мекеме, ишканалардын жетекчилерине тааныштырды.

Эске сала кетсек, Тутуевди 16-февралда президент Садыр Жапаров дайындаган.

Канболот Тутуев 40 жашта, Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Насирдин айылында туулган. Үч жогорку билимдин ээси.

Эске сала кетсек, буга чейин шаар башчысы кызматын Жаныш Курбанов аткарып келген. Ал Нарын шаарынын мэри болуп 2021-жылдын 29-ноябрында дайындалган. Ден соолугуна байланыштуу өз арызы менен кызмат ордун бошотуп берген.

Жаңы мэрдин толук өмүр таржымалы:

Билими:

1999-2004 — ОшМУнун философия жана башкаруу технологиясы факультетинин «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги;

2005-2006 — Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын аспирантурасы;

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

2007-2009 — Федор Достоевский атындагы Омск мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин аспирантурасы.

Эмгек жолу:

2006-2007 — Ош облустук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис;

2010 — Ош шаарынын мэриясында биринчи категориядагы адис;

2010-2012 — Ош облустук мамлекеттик администрациясынын маалымат катчысы;

2012 — Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратында жетектөөчү адис;

2012-2017 — Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси;

2017-2019 — Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрация башчысы акиминин орун басары;

2019-2021 — өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

2021-2022 — президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында уюштуруу инспектордук, кадр иштери жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;

2022-жыл, 3-февраль — Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы.

2022-жыл, 16-февраль — Нарын шаарынын мэри.Мамлекеттик жарандык кызматтын I класстагы кеңешчиси.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x