Элирип кеткен Анжелика бакты кайра ордуна тигип койсун - Baleket.kg
КоомШоу-бизнесЫсык жаңылык

Элирип кеткен Анжелика бакты кайра ордуна тигип койсун

Baleket.kg — Ырчы Анжелика 2021-жылдын 23-январында сүзүп алган кандуу бакты кыйдырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

Ал каргашалуу окуя болгон жерге атайын жандык алып барып, кан чыгарган.

«Былтыр, ушул күнү бакты кыйып койгондо, таңкы саат беште, 23-январь күнү, түз талаа жакка өтүп кетет белек? Балким, 30 жылдан бери өмүрлөрдү алган бул бакты биз сүзүп, кыйылаар тарыхы ушундай болуш керек беле? Айтор, жол эреже белгилерин түндө көрүнө тургандай кылып жасап, камераларды иштетип, даарыгерлерге барып, ыраазычылык билдирип, кан чыгарып, ушул жерден курман болгондордун баарына куран окуттук. Ар бир башыбызга түшкөн сыноо — жөн жерден келбейт. Аткара турган миссияларды жасап, тирүүлүктө пайдалуу иштерге себепкер болууга мүмкүнчүлүк түзүп дагы сабырдуу болуубузга аман калат экенбиз. Бактын тегерегиндеги мүрзөнү көрүп, менин же кыздарымдын аты жазылып турбаганына Аллахка чексиз мактоо айтып бир ыйлап алдым. Жеңилдеп алдым. Мен дагы эле шок абалдан чыга албай жүрөм. Мени колдоп, түшүнгөн элиме рахмат», — деп жазган ал.

Коомдук ишмер Бактыгүл Кудайбергенова «Эдиреңдеп элирип кеткен Анжелика өзүм билемдикке салып, табиятка залал келтиргени үчүн бакты ордуна тигип койсун же ордуна жүз тал отургузуп, элден кечирим сурасын. Кырсыкка бакты күнөөлө акылга сыйбаган иш,» — деген пикирин билдирди.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x