Эдил Байсалов БУУ структурасындагы кызматка дайындалды - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Эдил Байсалов БУУ структурасындагы кызматка дайындалды

Baleket.kg — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын туруктуу өнүктүрүү боюнча комиссиясынын төрагасы болуп шайланды.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Европа экономикалык комиссиясынын аткаруу комитетинин 120-кеңешмесинин катышуучулары Байсаловдун талапкерлигин жактырган.

Иш-чара 2022-жылдын 6-7-апрелинде Женева шаарында (Швейцария Конфедерациясы) өтөт.Форумдун жыйынтыгы боюнча отчёт даярдалышы күтүлүүдө. Бул документ 2022-жылдын июлунда Экономикалык жана социалдык кеңештин алдында Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумдун алкагындагы маалымдама документ катары колдонулат.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx