Эч себепсиз опузалап, 8000 АКШ долларын талап кылган жаран кармалды - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Эч себепсиз опузалап, 8000 АКШ долларын талап кылган жаран кармалды

Baleket.kg — Ош облусунда опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Ош облусунун Араван районунун жашоочусу 41 жаштагы Ж.М. атуу жаран 2022-жылдын 11-январында арыз менен кайрылган. Анда ал 2022-жылдын 8-январынан тартып, бүгүнкү күнгө чейинки аралыкта ага тааныш болбогон «Н» аттуу жаран өзүнүн шериктештери менен бирге, эч себепсиз коркутууларды жасап, опузалап 8000 (сегиз миң) АКШ доллар акча каражаттарын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган факт 2022-жылдын 11-январында кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын 208-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Ош ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшүндө 2022-жылдын 16-февралында Кара-Суу районунун буга чей бир нече жолу соттолгон 47 жаштагы тургуну З.И., атуу жаран кармалып, Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x