Дикий Армандын энеси чагымчыл уулу үчүн кыргыз элинен кечирим сурады - Baleket.kg
Дүйнөгө дүрбүЫсык жаңылык

Дикий Армандын энеси чагымчыл уулу үчүн кыргыз элинен кечирим сурады

Baleket.kg —  Дикий Армандын энеси Роза Жумагелдиева чагымчыл уулу үчүн кечирим сурады.

«Анын, өзүмдүн атымдан кечирим сурайм. Мындай ою жок эле, жүрөгүм ооруду. Кыргыз элин «мекенчил», «керемет калк» деп жакшы көрөр эле. Алланын буйругу чыгар, кыргыздын кызы – Айкөл Аликжан кызына үйлөнгөн, алар менен куда-кудагый болуп отурабыз. Ал мага тунгуч неберемди төрөп берди… «Куда миң жылдык, күйөө бала жүз жылдык» дешет, пайгамбар күйөө баласын сыйлаган, ошондуктан сыйлап, кабылдап, кечирип, жакшы мамиледе бололу. Сиздерден өтүнөм», — деген Роза Жумагелдиева.

Эске салсак, Казакстанда январдагы болгон кандуу окуяларда Арман Жумагелдиев «Кыргыздар Алматыдагы дүкөндөрдү тоноп, мародёрлук кылды» деп далилсиз күнөөлөгөн.

Кайненесинин видеосун келини Айкөл Аликжанова өзүнүн социалдык баракчасына койгон.

«Бисмиллях деп кайненемдин сөзүн чыгарып жатам. Колдоп койгула», – деп жазган Аликжанова.

Ал жогорудагыдай постту чыгаруу мурда эле пландалып, аны күйөөсү (Дикий Арман – ред.) жок дегенде аудио менен таратууну көздөгөндүгүн, бирок кырдаал татаалдашып, ойлогондой болбой калгандыгын жазган. Тагыраагы, аудио жана видеону жазып чыгарууга (абактан — ред.) болбой тургандыгын түшүндүргөн. Күйөөсүнүн энеси Роза Жумагелдиева менен айткандарына толук кошуларын билдирген.

Белгилей кетсек, Дикий Арман деп таанылган белгилүү криминалдык авторитет массалык башаламандык уюштурууга шектелген. 7-январь күнү кылмыштуу топтун жети мүчөсү Алматы полициясынын атайын операциясы учурунда кармалган. Алардын арасында Жумагелдиев дагы болгон. Алардын курал-жарагы жана сооттолгон автоунаасы алынган.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx