
Baleket.kg — Жогорку Кеңештин депутаттары автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Добуш берүү учурунда 50 депутат макул, 29у каршы позициясын билдирди.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, бир унаанын терезесин караңгылатуунун жылдык акысы 50 миң сомдун тегерегинде болот. Так баасын министрлер кабинети мыйзам кабыл алынгандан кийин чечет.
Алдын ала божомол боюнча, мындан бюджетке жылына 500 миллион сом түшөөрү күтүлүүдө.
Унаалардын алдыңкы терезеси караңгылатылбайт, алдыңкы эки капталындагы терезелерине гана уруксат берилет.
Бул мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Булак: Baleket.kg