Депутаттар Ташиевди чакырып, №39 протокол боюнча маалымат алмай болушту - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Депутаттар Ташиевди чакырып, №39 протокол боюнча маалымат алмай болушту

Baleket.kg — Жогорку Кеңештин депутаттары 27-январда катталган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу маалымат алуу үчүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди жана Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеевди чакырды.

Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери бүгүн саат 14:00дө парламентке келери күтүлүүдө.

Депутат Нурлан Шакиев дүйшөмбү күнү Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында Ташиев келип бир топ маалыматтарды бергенин айтты.

«Азыр коомчулукта №39 протокол боюнча ар кандай пикирлер болуп жатат. Камчыбек Кыдыршаевич эгер зарылдык болсо пленардык жыйынга дагы келип, жабык эшик артында айтып берүүгө даярмын деген болчу. Коомчулукта ар түрдүү ойлор болбошу үчүн ошол маселе боюнча кеңири маалымат уксак», — деди Шакиев.

Мындан башка дагы эл өкүлдөрү соңку кырдаал тууралуу маалымат алууга кызыкты.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx